Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Шарп ылаңына байланыштуу Таластагы мал базарлар бир айга жабылды


ТАЛАС. Бул туурасында облустук ветеринардык департаменттин башчысы Тургунбек Сыдыков 30-декабрда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында шарп ылаңы Казакстандын Тараз шаары менен чектешкен Манас районунда аныкталган. Азыркы учурда ылаңдын тарап кетүүсүн алдын-алуу үчүн облустагы 60 миң уйду дарылоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле өрөөндөгү ветеринардык кызматтарга, ветеринардык лабораторияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. Бирок, ылаң алгач аныкталганда облустук ветеринардык кызматынын жетекчилери ал тууралуу коомчулукка, массалык маалымат каражаттарына ачык маалымдашпай, фактыны көмүскөдө кармашкандыгы түшүнүксүз бойдон калууда. Анткени ылаң аныкталгандан бери бир нече апта убакыт өткөн.

XS
SM
MD
LG