Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Тышкы инвестиция тартууга жергиликтүү бийлик тартылат


БИШКЕК. Жаңы жылдан тартып Кыргызстандын ар бир облусунда тышкы инвестицияларды тартуу боюнча жергиликтүү матрицалар ишке киргизилет. Мындай маалымат бүгүн тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевден алынды. Анын маалыматына караганда, азыр бардык региондордо матрицаны даярдоо боюнча губернаторлордун орун басарларынын коому түзүлдү. Алар тышкы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзө турган жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү иликтеп, тоскоолдуктарды жоюу аракеттерин күчөтөт. Ал эми министрлик, мекеме, уюмдардын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн инвестицияны тартууга тоскоолдук кылган аракеттерин прокуратура көзөмөлдүккө алат. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, прокуратура кызматкерлери ушул жылдын сентябрь айынан декабрга чейин инвестициянын келишине тоскоолдук кылган 30 жергиликтүү нормативдик актылардын аракетин токтотту.

XS
SM
MD
LG