БИШКЕК. Вице-премьер–министр, Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев баштаган делегация шейшембиде Кытайдан кайтып келди. Бул тууралуу министрликтин тышкы байланыштар бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Кубанычбек Жумалиев жетектеген делегация 26-декабрда Пекинге барып, Кашкар-Торугарт-Жалалабад темир жолун куруу боюнча Кытай тарап даярдаган долбоордун бет ачар аземине катышты. Анда бул жолду куруу өзүн актаары белгиленген. Кыргыз делегациясы Кытайдын вице-премьер-министри У И менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.