Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:59

Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн кышка даярдыгын карады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны эларалык 9 макулдашууну ратификациялап, 2 токтом кабыл алды. Алардын бири өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгын талкуулаган «өкмөттүк сааттын» жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Анда өкмөттүн ушул жылдын кышына даярдыгы канааттандырарлык эмес деп бааланды. Андан тышкары токтомго ылайык трансформатордук подстанциялар менен электр линиялары калктын карызынын эсебинен электр менен камсыз кылуу ишканаларына өткөрүп берилмек болду. Жыйын мындан тышкары президенттин «Кылмыш жаза» жана «Административдик жоопкерчилик» жөнүндөгү кодекстерге өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга каршылыгына макул болушту. Анда президент «жергиликтүү бийликке тиешелүү коомдук уюмдар жасалма арак жасап саткан адамдардын арак жасаган жабдууларын мамлекеттин эсебине тартып алып, айыппул салат» деген жобого каршы болуп, жеке адамдардын менчигин тартып алуу соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG