БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин буйругу менен Жалалабад облусунун прокурорлугуна Кубатбек Кожоналиев дайындалды. Кожоналиев буга чейин Башкы прокурордун орун басары жана аскер прокурору болуп иштеген. Ал эми былтыркы Аксы окуясынан кийин Жалалабад облусунун прокурорлугуна дайындалган Айбек Турганбаевдин кызматтан кетишине ушул жылдын 10-декабрында Аксы районунун Кербен айылында болгон окуя себеп болду. Ал күнү Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын тогуз кызматкери чегарадан уруксатсыз өтүп, Аксы районундагы Кербен айылынын бир тургунунун үйүн тинтип, Жетиген айылынын тургуну А. Батыралиевди күчкө салып кармап кетүүгө аракет кылышкан. Өзбек тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн айылдын тургундары кармап, райондук милицияга өткөрүп беришкен. Облус прокурору Айбек Турганбаев болсо өз убагында кылмыш ишин козгобостон, өзбекстандык атуулдарды бошотуп жиберген. Бул окуяны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны карап, айрым депутаттар облустун прокурору менен Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башкармалыгынын жетекчисин ээлеген кызматына татыктуулугун карап көрүүнү жогорку бийлик өкүлдөрүнө сунуштаган.
Ал эми президенттин дагы бир буйругу менен өлкөнүн аскер прокурорлугуна Башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиев дайындалды.
Ал эми президенттин дагы бир буйругу менен өлкөнүн аскер прокурорлугуна Башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиев дайындалды.