БИШКЕК. 30-декабрда кечки саат сегизден баштап президент Аскар Акаев Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу калктын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, президентке суроо берүүнү каалагандар телефон жана электрондук кат менен мамлекет башчысына суроолорду беришти. Президент эл менен баарлашуусу учурунда Кыргызстандын тышкы саясаты, энергетика тармагынын абалына, туризмди өнүктүрүүгө, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорго жооп берди. Аскар Акаев 2003-жылдын жыйынтыгын чыгарып, бул жылы мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилеген Кыргызстан дүйнөгө таанылганын айтты. Президенттин маалыматы боюнча «Агахан» фонду Нарын шаарында Борбор Азиядагы Тоо университетин ачууну көздөп жатат. Аманатчылардын акчасын алдап кеткен «Рентонгрупп» боюнча суроого жооп берген Аскар Акаев «Рентонгрупптун» жетекчилигин кылмышкерлерге теңеп, мындайга мамлекеттик тийиштүү мекемелер жол бербеши керек эле деди. Президент бул маселе боюнча атайын комиссия түзүү керектигин, мындан ары мындайга жол бербөөнүн жолдорун иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты.