Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Европанын полициясы кат бомбаларын жөнөткөнү үчүн шектелген италиялык анархисттерди издөөдө


Кечээ Гаагада Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тергөө органдарынын ишин координациялаган мекеменин кеңсесинде дагы бир кат бомба зыянсыздандырылды. Кат бомбалардын алгачкысы өткөн ишемби күнү Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин дарегине жөнөтүлгөн. Р.Проди Италиянын Болонья шаарындагы үйүндө конвертти ачаар замат жалбырттаган жалын чыгып, ал кокустан аман калды. Ушундай кат бомбалар андан соң Европа Биримдигинин полиция мекемесинин башчысына, Евробанктын төрагасына да жиберилген. Эч ким жабыр тарткан жок. Бул окуялардын алдында өзүлөрүн "Анархисттердин бейрасмий федерациясы" деп атаган топ Европадагы жаңы тартипке каршы күрөшөөрүн билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG