Алар жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган, ашынган улутчул Радикалдык партияга каршы турууга аракеттенип жатышат. Бирок өлкөнүн азыркы премьер-министри, Демократиялык партиянын лидери Зоран Живкович менен Югославиянын мурдагы президенти, Сербиянын Демократиялык партиясынын лидери Воислав Коштуницанын ортосунда ич ара пикир келишпестик сакталууда. Премьер- министр Зоран Живковичти коррупцияга батканы үчүн айыптаган Воислав Коштуница аны менен кызматташуудан баш тартууда.
Сербиянын демократиялык партиялары коалициялык өкмөт түзүүнү азырынча макулдаша алган жок