Алар акыркы бир сутканын ичинде Ирактын ар кайсы аймактарынан кармалды. Ал эми башкалаа Багдаддын борборунда кечээ болгон жарылуудан жергиликтүү бир тургун каза таап, бир канчасы жаракат алды. Жолго көмүлгөн бомба америкалык аскерий кербен өтөөр замат жарылган. Иракта беш жоокерин жоготконуна байланыштуу Болгарияда кечээ аза күтүү күнү болду. Болгар аскерлеринин Кербала шаарындагы базасына өткөн ишембиде кол салынган эле.
Мунун аралыгында эл аралык Кызыл Чырым комитети Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачылыгына уюмдун өкүлдөрүн учурда камакта отурган Саддам Хусейн менен жолугушуусуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылды. Уюмдун өкүлү белгилегендей, Женева конвенциясына ылайык, Кызыл Чырым аскерий туткундардын баары менен жолугууга укуктуу.