Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

Иран эл аралык жардамга муктаж


Жер титирөөгө кабылган Бам шаарында миңдеген адамдар күндүн суугунда бешинчи түндү ачык асман алдында өткөрүштү. Кырсык болгон аймакка учурда гуманитардык жардамдар келүүдө. Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн курама үйлөрдү, убактысынча башпаанектөөгө шарт түзө турган буюмдарды жөнөтүүнү өтүндү. Эл аралык коомчулук Иранга 500 миллион доллар жардам көргөзүүнү убада кылууда. Тегеран өзү менен дипломатиялык алакасы жок АКШ берип жаткан жардамды да кубаттады. Президент Мохаммед Хатаминин айтымында, Иран АКШнын жардамына ыраазы, бирок эки өлкөнүн ортосундагы узактан берки саясий проблемалар Вашингтондун Тегеранга карата саясаты "түп тамырынан бери өзгөрсө" гана чечилет. Ал эми жер титирөөнүн курмандыктарынын саны болсо 40 миң адамга жетти. Урандылардын алдында калгандарды аман–эсен сактап калууга үмүт калбагандыктан, эл аралык куткаруучулардын айрым топтору мекенине кайта баштады.

XS
SM
MD
LG