Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Акимдер жаза алышты


БИШКЕК. «Кабар» агенттиги шейшемби күнү тараткан маалыматка караганда, Жалалабад облусунун Сузак районунун акими менен Жалалабад шаарынын башчысы иштериндеги кемчиликтери үчүн сөгүш алышты. Маалыматка караганда, алар мындай жазага облус калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу милдетин алдыга койгон президенттин жарлыгын жакшы аткарбай койгондуктары үчүн дуушар болушту. Алар иштеринде кемчилик кетирип жаткандыгын президенттин жарлыгын аткарууну көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн комиссия иликтеп, облустук коллегиянын кароосуна койгон.

XS
SM
MD
LG