БИШКЕК. 2004-жылдын январынын экинчи жарымында премьер-министр Николай Танаев Москвага жумуш сапары менен барат. Анда ал Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов баш болгон ырасмий жетекчилер менен жолугушмакчы. Анын жүрүшүндө быйыл октябрда орус президенти Владимир Путиндин катышуусу менен Кыргызстанда өткөн кыргыз-орус экономикалык форумунда кабыл алынган чечимдерди аткаруу талкууланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Сапардын соңунда Николай Танаевдин Орусиянын Пенза облусунда болушу күтүлүүдө.