Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Кыргызстан 2004-жылы бюджеттик катаал саясат жүргүзүлөт


БИШКЕК. Кыргызстан 2004-жылы катаал бюджеттик саясат жүргүзөт. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев шаршемби күнү сапат боюнча сыйлык берүү учурунда билдирди. Анын айтымында, мындай саясат Кыргызстандын 451 млн. доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечүүгө байланыштуу жүргүзүлөт. Кыргызстан менен Эларалык валюта кору жакырчылыкты жоюу боюнча 3 жылдык программаны турмушка ашырууда. Эгерде ал ишке ашса 2005-жылдын январында Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечүү маселесин карайт. «Эгерде ЭВК менен аткарылып жаткан программа үзгүлтүккө учураса, Кыргызстанда бир катар социалдык программалар токтоп, эларалык каржы уюмдары өлкөгө жардам берүүнү токтотот», дейт Николай Танаев.

XS
SM
MD
LG