Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Жалалабадда жаңы жылды кантип тосушту?


ЖАЛАЛАБАТ. Маймыл жылын тосуу аземи Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын аянтында уюштурулду. Ага облустагы коомчулуктун миңдей өкүлү катышты. Ыр, бий менен коштолгон оюн-зоок сынактары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жалпы көлөмү 5 миң сомдук белектер тапшырылды. Губернатор Жусупбек Шарипов куттуктоо сөзүндө коомчулукту эгемендүүлүктү чыңдоого, демократияны өнүктүрүүгө жана мекендин асыл сапаттарын арттырууга чакырды. Токтогулдан алынып келинген 20 метрлик арчаны жасаган шаар мэриясы салтанатты өткөрүүгө 50 миң сом жумшалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG