Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Оогандык лидер Хамид Карзай жаңы конституциянын долбоорунун жуманын акырына чейин кабыл алынаарын билдирди


Оогандык лидер Хамид Карзай президенттик укуктарын кеңейтүүнү кайрадан талап кылды. Анткени мындай укукка ээ болбогон мамлекет башчысы өлкөнү калыбына келтире албайт деп билдирди.
Ал эми Лойя Жыргада талкууланып жаткан өлкөнүн жаңы конституциясы маселесине үч жумадан бери чекит коюла элек. Анткени бул иш-чарага катышып жатышкан жалпы элдик жыйындын делегаттары этностук карама-каршылыктарды жаратышууда. Өзбек, тажик лидерлери премьер-министрдин кызмат орду жана күчтүү парламент керек дешсе, Карзай тараптагы пуштундар өлкөгө президенттик бийликтин орнотулушун жакташууда.
Карзай 31-декабрда конституциянын долбоору жуманын акырына чейин кабыл алынат деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG