Абхазиянын лидери Аслан Абашидзеге кол салуу даярдалып жатат. Бул тууралуу өткөн түнү Батумидеги пресс-конференцияда Абашидзе өзү билдирди. Анын сөздөрүнө ылайык, ага кол салуу иши Тбилисиде пландалып, бул ишти Грузиянын азыркы айрым бир жетекчилери менен мамлекеттик коопсуздук кызматтары координациялап жатат. Пресс-конференцияга катышкан Грузиянын мамлекеттик катчысы Зураб Жвания бул маалыматтын чын-төгүнүн териштиргенге атайын кызматтарга көрсөтмө берээрин билдирди.
Батумидеги пресс-конференцияда Абхазиянын лидери Аслан Абашидзе өзүнө кол салуу коркунучу бар экендигин билдирди