Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Ирандын Бам шаарындагы зилзаладан жабыркагандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө


Иран өкмөтү менен тыш өлкөдөн келген куткаруучулар азыр Бамдагы табигый кырсыктын кесептинен улам урандылардын алдында калган адамдардын сөөктөрүн издөө иштерин улантууда. Жугуштуу оорулардын чыгып кетпеси үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат.
Өткөн жума күнкү зилзададан 30 миңден көп адам өлүп, 10 миңдеген адам үй-жайсыз калды. Катуу жер титирөөдөн байыркы шаардын негизги бөлүгү тыптыйпыл болгон.
Тирүү калган адамдарды издөөгө үмүттүн аздыгынан улам эми бардык көңүл кырсыктан жабыркагандар үчүн медициналык тез жардамды көрсөтүү жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Көптөгөн чет өлкөдөн келген адис-дарыгерлердин арасында америкалык 60 дарыгер жана 20 эксперт бар.
Америкалык адистер тобунун башчысы Билл Гарвлинк зилзаладан тирүү калган адамдарга бардык тараптан камкордук көрүү маселесин сүйлөшүүлөр учурунда Иран бийлигинин өкүлдөрүнө айтты.
Бул - 1979-жылкы Иран кризисинен берки эки өлкө ортосундагы биринчи түз кызматташуу.

XS
SM
MD
LG