Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысы 2003-жылды бул уюмдун тарыхындагы эң оор жылдардын бири катары мүнөздөдү


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн дүйнө элине жаңы жылдык куттуктоо менен кайрылды. 2003-жылды бул уюмдун тарыхындагы эң оор жылдардын бири катары мүнөздөп, Аннан Ирак согушуна токтолду. Аннан алдыдагы жылы дүйнөлүк жамаат адамдардын ден-соолугун жана жашоо-шартын жакшыртууга чындап көңүл бурууга тийиш деп белгиледи. Жакыр өлкөлөргө реалдуу жардам көрсөткөнгө, жер шарынын ресурстарын сактап калуу боюнча чечкиндүү күрөшкө чакырып, Аннан бул милдеттерди жаңы жылда Бириккен Улуттар Уюмунун тилеги болуп калсын деп билдирди.

XS
SM
MD
LG