Грозный. Акыркы жылдардын аралыгында жаңы жыл түнүндө Чеченстанда алгачкы ирет бир дагы кылмыш иши катталган жок. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлигинин Түндүк Кавказдагы өкүлү билдирди. Анткени, Чеченстанда жаңы жылды жарык маанайда тосуу үчүн темирдей катуу тартип орнотулган.