Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Багдадда жардыруу болду


31-декабрдын кечинде Ирактын борбор калаасы Багдаддагы катуу жардыруудан 5 адам өлүп, кеминде 25 ке жакын адам жарадар болду.
Жергиликтүү полиция кызматкеринин билдирүүсүнө караганда, окуя чет өлкөлүктөр жашаган аймакта ресторанда орун алган. Жардырууну террорчу- жанкечти уюштурган. Ал дароо камалды.
Америкалык “Лос – Анжелес” газетасынын кабарлоосу боюнча жарадар болгондордун арасында америкалыктардын Багдаддагы бюросунун 3 кызматкери бар.
Багдадда жана Ирактын башка шаарларында коалиция күчтөрүнө жана башка коомдук жайларга кайрадан жардыруу болбосу үчүн өзгөчө кырдаал түзүлдү.
Америкалык аскер күчтөрүнүн генералы Мартин Демпси террорчулар жаңы чабуул жасашы болжолдонууда деп билдирди.

XS
SM
MD
LG