Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Дүйнөнүн миллиондогон адамдары Жаңы Жылды тосушту


Мурдагы түнү дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Жаңы Жылды тосушту. Нью-Йоркто жүз миңдеген адамдар шаардын борборуна чыгып майрамдашты. Берлиндин көчөлөрүндө 500 миңдей адам, Москванын, Париждин, Сиднейдин жана башка шаарлардын борбордук аянттарында он миңдеген адамдар майрамдап жүрүштү. Бир катар өлкөлөрдө террордук коркунучтан улам жаңы жылдык майрам күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен коштолду. Дүйнөнүн үлкөн мамлекеттеринин башчылары жаңы жылдык куттуктоолорунда 2004-жыл бейпил болуп, экономикалык жылыштарды алып келет деп үмүттөнөөрүн билдиришти.

Эл аралык кабарлардын таңкы топтомун даярдаган Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG