Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Лойя Жырганын делегаттарынын 40% жакыны жаңы ооган конституциясын талкуулоодо добуш берүүгө катышуудан баш тартышты


Ооганстандын Улук жыйыны - Лойя Жырганын делегаттарынын 40% жакыны жаңы ооган конституциясын талкуулоодо добуш берүүгө катышпай коюшту. Добуш берүүдөн баш тарткандардын арасында Ооганстандын мурдагы президенти Бурхануддин Раббани менен ооган өзбектеринин лидери Абдул Рашид Дустум да бар. Ооганстандын азыркы убактылуу өкмөтүнүн президенти, насили пуштун Хамид Карзай президенттик республиканы жактайт. Ал эми жергиликтүү тажиктер менен өзбектердин башчылары парламент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG