Пакистандын парламенти Первез Мушаррафты өлкөнүн президенти кылып шайлады. 1999-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн аркасы менен бийликке келген Мушарраф эми Пакистандын мыйзамдуу лидери болуп калды. Буга анын парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ болгон исламчыл партиялар менен түзгөн келишими түрткү болду.