Пакистан менен Индиянын ортосунда кечээ авиакаттамдар калыбына келтирилди. Индия Пакистанда жүргөн экстремисттерди “индиялык парламентке кол салды” деп, 2001-жылы декабрда айыптап чыккан соң эки өлкөнүн ортосунда учактар каттабай калган. Былтыр апрелден бери Дели менен Исламабаддын ортосундагы мамилелер кайрадан жакшыра баштады. Бир нече күндөн соң Пакистанга Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаинин келиши күтүлөт. Бул анын акыркы 4 жылдан бери Пакистанга алгачкы иш сапары болмокчу.