Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

МУСУЛМАНДАР АЖЫЛЫККА ДАЯРДАНЫШУУДА


БИШКЕК. 2-ЯНВАРЬ. Учурда Кыргызстандын бардык дубандарында ажылыкка барууну каалаган мусулмандарды каттап, алардын документтерин даярдоо жүргүзүлүүдө. Ажылыкка барууну уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Нугмар Гуакуновдун айтымында, Мекеге автоунаа менен бара турган атуулдар 14-январда Бишкектен жөнөп кетишет. Быйылкы жылы автоунаа менен Мекеге чейин жолкире 800, ал эми учак менен 1450 доллар турат. «Азырынча ажыга бара турган атуулдардын саны толук тактала элек. Ажылыкка жөнөгөн мусулмандар 1-февраль Курбан айт майрамына чейин Мекеде болуулары тийиш»,- деп кошумчалады Нугмар Гуакунов.

XS
SM
MD
LG