Австралиялык мергенчилер бирикмеси өткөн айда сууда сүзүп жүргөн жеринен жаш жигитти досторунун көз алдында жеп салган крокодил атылып өлтүрүлгөнүн маалымдашты. Узундугу 4 метрге жакын ал крокодил өзү кишиге кол салган аймакка жакын жерде окко кабылган. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өлгөн крокодилдин ичин эми дарыгерлер союп изилдерин билдиришти.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага