Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Грузияда жекшембиде өтө турган президенттик шайлоодо добуш берчү шайлоочуларды каттоо жүрүп жатат


Тбилисиден түшкөн кабарларга караганда, азыркыга дейре бардыгы 1 млн 800 миңге жакын шайлоочу катталды, шайлоо комиссияларына барып, тийиштүү документин көрсөтүп каттоого алына элек адамдар али бар. Өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна өбөлгө болгон соңку парламенттик шайлоодон кийин оппозициячыл партиялар шайлоочулардын тизмеси туура толтурулган эмес деп бийликтегилерди күнөөлөшкөн. 4-январда өтө турган Грузиядагы президенттик шайлоого ЕККУнун 450дөй байкоочусу көз салмакчы, президенттикке алты талапкердин арасынан өткөн ноябрь айында Эдуард Шеварднадзени отставкага кетүүгө аргасыз кылган оппозициячылардын башчысы Михаил Саакашвили лидер саналат.

XS
SM
MD
LG