Расмий Лондон кечээ АКШнын башкалаасына күнүнө үч ирет уччу рейстердин бирин кыскартып, аны коопсуздук маселелеринен улам мурунку күнү Вашингтондогу рейс кармалып калганынан улам убактылуу токтотконун жарыялаган. Вашингтондо ал күнү АКШнын коопсуздук кызматтары Лондонго жөнөмөкчү болгон учактын жүргүнчүлөрү менен экипажын төрт саат бою суракка алышкан. "Мексиканын аба жолдору" компаниясы да жаңы жылдын тегерегиндеги күндөрү Мехико-Лос Анжелес каттамына 2 күндүк тыныгуу жарыялаган. Бул чараны Мексика тарап АКШнын өзүндө майрам күндөрү террордук чабуулдар болуп кетпесин деп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү менен түшүндүргөн.
Британиянын авиакомпаниясы жума күнү да Лондон-Вашингтон ортосундагы таңкы каттамын жүзөгө ашырган жок