Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

БУУ катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Бам шаарынын муктаждыктарын аныктоого киришти


Өткөн аптада болгон жаратылыш кырсыгы 30 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, үй-жайсыз калган 40 миңдей бамдыктар ушу тапта жука чатырларда жашоо өткөрүүдө. Кырсык болгон жерде ирандыктарга жардам көрсөтүп жаткан америкалык догдур Эннкатрин Гудман бамдыктардын башына түшкөн мүшкүлдү катуу суук ого бетер оорлотконун айтат. "Аман калгандардын көпчүлүгү денесинен жараат алышкан, ашказан, баш оору менен кайрылгандар көп, зарлап ыйлабаган адам жок. Кайгыга чөгүп, тамак да ичишпейт, ага кошумча кыштын кычыраган суук күндөрүн таар алачыктарда өткөрүп жатышат. Өпкөсүнө суук тийгизгендер арбып баратат", - дейт АКШлык дарыгер. Улуттар уюму бамдыктарга эң керектүү тамак-аш жана башка буюмдардын тизмеси донор-өлкөлөргө бир апта ичинде таратыларын маалымдады. АКШ президенти Жорж Буш жер титирөөдөн жабыр тарткан Иран америкалык гуманитардык жардамды алууга макул болгонун кубаттап, бирок Тегеран Вашингтон менен мамилесин оңдогусу келсе, дагы көп иштерди аткарышы керек деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG