Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети 2003-жылы 36 журналист өз милдетин аткарып жүрүп курман болгонун маалымдады. Анын ичинде Иракта 13 журналист киши колдуу болгон. Бирок ошону менен катар бул уюм “согуштар - журналисттердин өмүрүнө коркунуч келтирген негизги фактор эмес” экенин баса белгилеген. Анткени, уюмдун көз карашында, журналисттердин өлүмүнө көп учурларда алардын сын көз караштагы материалдары үчүн куугунтук башкы себеп болгон. Журналисттердин эл аралык федерациясы деп аталган башка бир уюмдун маалыматына караганда, былтыр массалык маалымат каражаттарынын 80ге жакын кызматкери курман болгон.
2003-жылы 36 журналист өз милдетин аткарып жүрүп курман болгонун Журналисттерди коргоо комитети маалымдады