Кечээ америкалык аскерлер Багдаддын чет-жакасындагы мечиттердин биринде антитеррордук операция өткөрүштү. Операциянын тушунда курал-жарак менен жардыруучу заттар табылып, 30дай адам камакка алынган. Америкалык армиянын өкүлдөрүнүн айтымында, мечит бузукулук иштердин очогу болгон. Мындан тышкары, АКШнын аскер өкүлдөрү жума күнү Багдаддын батыш тарабында америкалык вертолет атылып түшүрүлгөнүн маалымдашты. Андан америкалык бир жоокер каза таап, дагы бирөө жарадар болду. Акыркы айлардын ичинде бул жерде америкалык тикучактардын (вертолеттордун) бир канчасы атылып түшүрүлгөн.