Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Ирандын жетекчилиги бул өлкөгө гуманитардык делегацияны жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун четке какты


Ирандын жетекчилиги Бам шаарындагы жер титирөөдөн жабыр тарткан калкка көрсөтүлүүчү жардамдын өлчөмүн аныктай турган гуманитардык делегацияны жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун четке какты. Бул туурасында АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели билдирди. Буга чейин АКШнын президенти Жорж Буш америкалык гуманитардык жардам салынган учактарды Иран кабыл алганын оң баалаган. Бирок Буш гуманитардык жардам көрсөтүү АКШ менен Ирандын мамилесинин жакшырганын билдирбей турганын да эскертип өткөн.

XS
SM
MD
LG