Бул тууралуу Мамлекеттик депертаменттин өкүлү Адам Эрели билдирди. Грузиядагы шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 450дөй байкоочусу, КМШ өлкөлөрүнүн 90 өкүлү көз салышат. Президенттикке талапкерлер арасында өткөн ноябрь айында Эдуард Шеварднадзени отставкага кетүүгө аргасыз кылган оппозициячыл күчтөрдүн башчысы Михаил Саакашвили өзгөчө айырмаланууда.
АКШ Грузияда жекшембиге белгиленген президенттик шайлоо демократиялык нормаларга ылайык өтөт деп үмүт кылат