Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Европалык комиссия Ливияга Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташууну сунуш кылды


Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин атынан таратылган билдирүүдө Ливияга Евробиримдиктин толук кандуу өнөктөшү болуу, Биримдиктин Жер ортолук деңиз чөлкөмүндөгү программаларына активдүү катышуу тууралуу сунуш-чакырыктар камтылган. Жакында Ливиянын лидери Муаммар Каддафи анын өлкөсү массалык кыргын салуучу курал даярдоодон баш тартканын жарыялап, АКШ жана Европа өлкөлөрү менен мамилелерди арттырууга багыт алганын кошумчалаган.
Америкалык командачылык Ирактан кечээ кечинде Багдаддан батышка учкан аскердик тикучактын (вертолеттун) жерге кулап түшкөнүн тастыкташты. Бир аскер кызматкери өлүп, дагы бирөө жарадар болгон. Акыркы айлардын ичинде эле бул райондон бир канча америкалык аскер тик учагы атып түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG