Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Кабулдагы жалпы элдик жыйын тыныгуудан соң өз ишин кайрадан улантты


Жыйынга катышып жаткан 500дөн ашуун делегат президенттик бийликтин укуктары тууралуу толук бир пикирге дагы эле келише элек. Хамид Карзай жана анын жактоочулары өлкөгө күчтүү бийликтин зарылдыгын талап кылууда, өзбек, тажик лидерлери болсо премьер-министрдин жана парламенттин ролунун күчөтүлүшүн жакташууда.
Бейшемби күнкү жыйында 200дөй делегат күчтүү президенттик бийлик укуктары киргизилүүчү Ооган конституциясынын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берүүдөн баш тартты.
Бириккен Улуттар Уюмунун жана АКШнын өкүлдөрү 2-январда элдик жыйындын делегаттары менен карама-каршылыктарды жараткан пикирлерди талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

XS
SM
MD
LG