ЖАЛАЛАБАД. Жыйында коммунисттер Конституцияга парламенттик шайлоого партиялык тизме аркылуу катышуу тууралуу өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү туура болот деп белгилешти. Өз катарларынан жергиликтүү шайлоолорго талапкерлерди көбүрөөк катыштырып, көп орундарга жетишүү жана президенттик мелдешке даярдануу маселесин козгошту. Аскар Акаев президенттик шайлоого катышса, ага каршы чыгаарын айтышты. Жакырчылыкты кыскартуу, жумуш орундарын түзүү жана реформа жаатындагы ийгиликтерге ишенбей тургандыктарын билдиришти. Партиялык уюмдардын алдына идеологиялык иштерди күчөтүп, элди тартуу, ячейкаларды түзүү менен жаштарды партияга кабыл алуу милдеттери коюлду. Облусттук аткаруу комитетинин төрагасы Сейитказы Момунжановдун айтымында, 11 шаар, райондордогу уюмдарда 6 миңден ашык мүчө бар жана алардын 150сү былтыр кабыл алынган.