БИШКЕК. «Салык алуу үчүн кыймылсыз мүлктү баалоо жөнүндө» мыйзамды ишке киргизүү тартибин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны январь ичинде талкуулап, макулдук бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыймылсыз мүлккө ээлик кылууну каттоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу министри Төлөбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, жаңы иштелип жаткан жобо кабыл алынса, адегенде салык өлкөнүн шаарларындагы кыймылсыз мүлктөрдөн алына баштайт. «Азырынча кыймылсыз мүлктөн салык алуунун чеги аныктала элек, бирок, калктын 95% жакыны салыктын бул түрүнөн бошотулат», - дейт Төлөбек Өмүралиев.
Ырасмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2 миллионго жакын кыймылсыз мүлк бар. Алардын 3% ашыгын өнөр-жай ишканалары жана башка турак үй катары таанылбаган жайлар түзөт. Кыймылсыз мүлктү каттоону камсыздаган мыйзам 2003-жылдын апрель айында кабыл алынып, бирок, ошондон бери салык алуунун тартибине байланышкан өкмөт менен парламенттин ортосундагы талаш соңуна чыга элек. Өкмөттүн алгачкы сунушу боюнча наркы 500 миң сомдон ашкан кыймылсыз мүлктөн салык алынышы керек.