Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Америкалык космос аппараты Марска барып конду


Америкалык “Спирит” аттуу космос аппараты Марска барып конду. АКШнын Аэронавтика жана космостук изилдөөлөр боюнча улуттук агенттигинин (НАСА) адистери “Спириттен” сигнал келип түшкөнүн кабарлашты. 6 дөңгөлөктүү, 180 килограммдык бул робот 7 ай мурун Жерден учурулган. Ал Марстын бетин изилдөөгө зарыл болгон нерселер менен жабдылган. “Оппортюнити” аттуу кийинки аппарат Марска 24-январда коноору болжолдонуп жатат. Сөз болуп жаткан агенттик жиберген экспедиция “Марста жашоого негиз бере турган шарттар качандыр бир болгонбу-жокпу?” деген суроого жооп табууга тийиш. Ал эми Европалык космос агенттигинин окумуштуулары Марска 25-декабрда конмокчу болгон “Бигль-2” аттуу аппарат менен эмгиче байланыша албай жатышат.

XS
SM
MD
LG