Катарда жайгашкан " ал–Жазира" телеканалы "ал-Каиданын" лидери Усама бин-Ладендики делген жаңы аудиотасманы кечээ угузган болчу. Аудиотасмадагы үн мусулмандарды АКШнын Ирактагы окуппациясына каршы ыйык согушту улантууга үндөп, АКШ менен кызматташып жаткан араб жана мусулман лидерлерин айыптаган. Анда америкалык аскерлер Саддам Хусейнди туткундагандыгы да эскерилип жатканына караганда, аудиотасма акыркы үч аптанын ичинде жаздырылган.
ЦРУнун эксперттери Усама бин-Ладендики делген аудиотасманын чын-төгүнүн аныктоого аракеттенишүүдө