Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

АКШнын аскерлери Ирактын күрд партияларынын кеңсесин тинтүүгө алды


Тинтүү күрддөрдүн эки партиясынын Киркук шаарындагы кеңселеринде жүргүзүлдү. Күрдүстандын Демократиялык партиясы деген саясий уюмдун жогорку даражалуу бир өкүлү камакка алынып, автоматтар менен гранаталар конфискацияланды. Соңку күндөрү Киркукта улуттар аралык кагылышуулар орун алган эле. Өткөн шаршембиде Күрдүстан Демократиялык партиясынын өкүлү демонстрацияга чыккан түркмөндөр менен арабдардын төртөөсүн атып салган. Алар Киркукту Ирактагы Күрдүстандын катарына кошуу аракеттерине нааразылык билдиришкен болчу. Кечээ британ премьер- министри Тони Блэр Ирактын Басра шаарына капыстан барып, бул жердеги британ аскерлери менен кездешти. Блэрдин Иракка бараары жөнүндө мурда айтылган эмес. Аскерлерге кайрылган сөзүндө британ өкмөт башчысы алар террорчулукка, массалык кыргын салуучу куралдар менен зөөкүр режимдерден келген коркунучка каршы күрөшүп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG