Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Михаил Саакашвилинин тарапкерлери анын шайлоодогу жеңишин майрамдоодо


Грузиядагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы расмий жыйынтыктары бүгүн жарыяланмакчы, бирок шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, былтыр ноябрь айында Грузиянын мурдагы президентти Эдуард Шеварднадзени кызматтан кетирилишинде чечүүчү роль ойногон Михаил Саакашвилини кечээги добуш берүүгө катышкандардын 86%дайы колдогон. Шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкенин өткөн түнү Тбилисиде жактоочулары алдында сүйлөгөн сөзүндө М.Саакашвили өзү да ырастады. Ал эми анын жактоочулары болсо өз талапкеринин шайлоодогу жеңишин майрамдоодо. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуш берүүгө катышкандардын саны шайлоо өттү деп табылыш үчүн мыйзам талап кылган 50%дык чектен ашкан. Добуш берүү учурунда анча-мынча кемчиликтер орун алганы менен эл аралык байкоочулар олуттуу мыйзам бузууларды каттаган эмес.

XS
SM
MD
LG