Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Өзгөндө «хизб ут-тахрирчи» кармалды


ОШ. 4-январда Өзгөн райондук ички иштер кызматкерлери шаар базарында «Хизб ут-Тахрир баяны» аттуу баракчаларды таратып жүргөн Өзбекстандын атуулун кармашты. Ал адам учурда Өзгөн шаарында убактылуу жашап жаткан, түпкүлүгү Анжиян облусуна караштуу Шахрихан шаарынын тургуну Бахтияр Нематов болуп чыкты. Бахтияр Нематов 2003-жылдын март айында эле «хизб ут-Тахрирчи» катары Өзгөн шаарында мыйзамсыз иштерди жасаганы үчүн Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык 2 жылга шарттуу соттолгон. Жаза мөөнөтү бүтөлекте эле эми минтип кайрадан кармалып отурат.


Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG