Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Шарп ылаңы Кочкор районунда да катталды


НАРЫН. Мындай маалыматты 5-январь күнү облустук ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Жалил Алымкулов билдирди. Анын айтымында, Кочкор районундагы Каратоо айылынан 3 уй шарп ылаңына чалдыккан. Натыйжада, облустагы шарп ылаңы чыккан үч айылда, атап айтканда, Нарын районундагы Оттук, Карачий, Кочкор районундагы Каратоо айылдарынын аймагына посттор коюлуп, малдар короолордо кармалууда. Уйларга дары сайылууда. Облустук ветеринария башкармалыгында 160 миң доза вакцин сакталып турган. «Ушундан улам вакцин издөө кыйынчылыгына кабылбадык», - дейт Жалил Алымкулов. Ал мал ээлеринен малды өз учурунда эмдетип алууну жана малдоктурлардын айткан кеп-кеңештерин так аткарып берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG