БИШКЕК. Кыргызстандык адистер Ооганстанды калыбына келтирүү иштерине катышышы мүмкүн. Мындай маалыматты «Кабар» агенттиги таратты. Азыр бул багыттагы сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын соода тармагынын өкүлдөрү Ооганстандын энергетика жана суу чарба министрлигинин жетекчилери менен жүргүзүп жатышат. Эгер Ооганстан макулдук берсе кыргызстандык адистер бул өлкөнүн энергетика тармагын калыбына келтирүү иштерине чакырылышы ыктымал.