Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Азия банкы 90 миң доллар бөлдү


БИШКЕК. Азия өлкөлөрүндө кайрадан пайда боло баштаган өнөгөсүз өпкө оорусунан алдын алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 90 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу 5-январда Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев билдирди. Анын айтымында, бул каражат Торугарт, Эркечтам бекеттерин жана Бишкек, Ош шаарларындагы аба майдандарында көзөмөлдөө кызматтарын зарыл болгон санитардык-медициналык жабдуулар менен камсыздоого жумшалды. «Бул жерлерде жайгашкан медициналык кызматтар Кытай жана Азия тараптан келген жүргүнчүлөрдү медициналык кароодон өткөрүүдө. Дарыгерлердин көңүлү өзгөчө Торугарт жана Эркечтам бажы жана чегара бекеттерине бурулууда», - дейт Гүлжигит Алиев.

XS
SM
MD
LG