Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Аксы окуясында жабыркагандарга жардам берилет


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облустук администрациясы Баткен окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүп, Аксы окуясында окко учкандар менен жарадар болгондорго кайрымдуулук көрсөтүү тууралуу буйругун чыгарды. Ага ылайык Баткен аймагын жоочулардан коргоодо каза табышкан 13 жигиттин үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон жардам таркатылды. Баткенде жарадар болгондорго облустук казына эсебинен 5 миң сомдон каражат берилди. Экинчи бир буйрук менен Аксы окуясында жабырлануучулар да жардам алмак болушту. 2002-жылдын 17-мартында Кербенде шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү жана ал окуяда жараат алгандар, баардыгы болуп 30 үй-бүлөнүн отун, суу, көмүрү үчүн миң сомдон жардам берүүгө губернатор Жусупбек Шарипов кол койду.

XS
SM
MD
LG