БИШКЕК. Бүгүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасынын орун басары Рыскелди Момбеков Эларалык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Аарон Роудзга кат жолдоду. Анда Аарон Роудздун Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин Юстиция министрлигинин каттоосунан кайра өткөрүү жана анын мурдагы төрагасы Рамазан Дырылдаевге байланыштуу жиберген билдирүүлөрү кыргыз коомчулугуна терс таасир тийгизип, комитеттин кадыр-баркына шек келтирип жаткандыгын билдирди.
Рыскелди Момбеков андан тышкары Аарон Роудзду комитеттин айланасында түзүлгөн кырдаалды так түшүнүү үчүн Хельсинки федерациясынын президенти Людмила Алексеева менен бирге Кыргызстанга келүүгө чакырды. Катта ошондой эле Австрияда жүргөн Рамазан Дырылдаевди Кыргызстанда камакка алуу коркунучу жоктугу билдирилген. Ага кепил болуш үчүн Р. Момбеков саясий ачкачылык жарыялоого жана өзүнө-өзү кол салууга чейин барарын кабарлады.
Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Аарон Роудз 12-декабрдагы билдирүүсүндө Хельсинки федерациясы Рамазан Дырылдаев башында турган Адам укуктары боюнча комитетти гана тааный тургандыгын кабарлаган болчу. Комитеттин Бишкек боюнча координатору Александр Фоменко Юстиция министрлигинин каттоосу мыйзамсыз экендигин жана комитет мурунку эле калыбында иштеп жаткандыгын ушул эле күнү билдирди.