Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Ф. Куловго коюлган айыптар боюнча коомдук угуу өтөт


БИШКЕК. Ушул апта ичинде «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун соттолушу жана ага коюлган айыптардын негиздүүлүгүнө арналган коомдук угуу өтөт. Мындай маалымат бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевден алынды. Анын айтымында, коомдук угууну өткөрүүгө 4 саясий партиянын башын кошкон Элдик конгресс аракет көрүп жатат. Коомдук угуу өтүүчү имаратты «Форум» өнөржай тобунун жетекчиси, Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев бөлүп берди. Коомдук угууга депутаттар, юристтер, саясий жана коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышмакчы. Анда Феликс Куловго коюлган айыптар менен сот чыгарган өкүмдөрдүн негиздүүлүгү талкууга алынат. Анын негизинде Феликс Куловду бошотууну алар өлкө президентинен талап кылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG