Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Орусия Монголиянын карызын кечти


Батыш маалымат каражаттарынын кабарлаганына караганда, Орусия Монголиянын 80 жылдык карызын кечти. “Standard and Poor” агенттигинин маалыматына ылайык, Монголиянын карызы 10 млрд. долларга жакын болчу. Бул акча Монголиянын 1 жылдык ички дүң продуктусунан 10 эсе көптүк кылат. Орусиянын тарыхында да бул акча - Москва кечкен карыздын эң чоңу. СССР 1921-жылдан 1991-жылга чейин Монголияга социализмди курууга жардам берип келген. Акыркы жылдары Монголия АКШ, Жапония жана Европа Биримдиги менен байланыштарын күчөттү, бирок соода-экономикалык жагынан дале болсо Кытай менен Орусияга көз каранды бойдон калып келатат.

Эл аралык кабарларды даярдаган Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG