Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Израилдин юстиция министри өз өлкөсүнүн жетекчилигин сынга алды


Израилдин юстиция министри Иосиф Лапид Иордан дарыясынын батыш жээгине коопсуздук сепилин куруу тууралуу өз өлкөсүнүн жетекчилигинин чечимин сынга алды. Анын айтымында, минтип отурса Израил апертеид режиминин тушундагы Түштүк Африка Республикасы өңдөнүп, эл аралык изоляцияда калышы мүмкүн. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин жана бир катар эл аралык уюмдардын көз карашында, Иордандын батыш жээгиндеги израил дубалдарын куруу палестин аймактарынын бир тобун тартып алганга барабар болот. БУУнун Башкы Ассамблеясы Израилдин бул аракетин эл аралык укуктун өңүтүнөн карап чыгууну өтүнүп, Эл аралык сотко кайрылды.

XS
SM
MD
LG